Журналист Бейшенбек Бекешовдун сөөгү жерге берилди
Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешовдун сөөгү бүгүн, 29-декабрда өзү туулуп-өскөн Түп районундагы Балбай айылында жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына мамлекеттик жана маданий ишмерлер, журналисттер, жакын санаалаш достору жана жакындары катышты.

Журналистика тармагында опол тоодой орду бар Бейшенбек Бекешов КТРК, ЭлТР, НьюТВ телеканалдарында эмгектенип, көптөгөн шакирттерди тарбиялап өстүргөн. Ал "Коломто", "Эл наркы", "Акыл заман" аттуу телекөрсөтүүлөрдүн, "Кыргыз наркы" китебинин автору болуп, коомчулукка таанылган. Акыркы жылдары Бекешов ишкерлик менен алектенип, анын "Айыл азыгы" дүкөнү шаардыктарды натуралдык азыктар менен камсыздап жаткан.
Эске салсак, 27-декабрда саат 12:30дар чамасында Бейшенбек Бекешовдун жүрөк оорусу кармап, 61 жашында мезгилсиз дүйнө салган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















