super.kg logo

"Апрель" телеканалы эфирден чыгууга укук алды

 

"Апрель" телеканалы кайрадан эфирге чыга баштайт. Бул тууралуу аталган телеканалдын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь райондук соту Аскер прокуратурасынын "Санарип технологиялары" жана "Апрель ТВ" жоопкерчилиги чектелген коомдоруна каршы жазган арызы боюнча экономикалык ишти 15-декабрда караган.

"Эске салсак, былтыр ноябрь айында "Санарип технологиялары" жоопкерчилиги чектелген коому негиздөөчүлөрдүн жыйынында "Апрель" телеканалынын мүлкү камакка коюлганына карабай анын телеэфирге чыгышына уруксат берүү тууралуу чечим кабыл алган. Аскер прокуратурасы бул чечимге каршы сотко даттанган.

Бир жылга созулган териштирүүдө сот 15-декабрда Аскер прокуратурасынын арызын четке какты", - деп жазылат билдирүүдө.

Аталган телеканалдын жазган билдирүүсүнө ылайык, каналдын телеэфирге чыгышына 2019-жылдын 7-августунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы Кой-Таш окуясында үзгүлтүккө учураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.12.2020. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охх кандай сонун
29.12.2020. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ашаны эртеден кечке ###### жуктап отурушчу эле, ашанын душмандарын боктоп...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: