super.kg logo
  Спорт  

"ПСЖ" футболдук клубу башкы машыктыруучусун кызматтан алды

 

Франциянын "ПСЖ" футболдук клубу башкы машыктыруучу Томас Тухельди кызматынан алды. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты кабарлады.

Маалыматта Тухелди кызматтан алуу чечими клубдун жетишкендиктерине терең анализ жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынганы айтылат.

"Томас Тухелге жана анын командасына терең ыраазычылык билдирем. Клуб анын эмгегин эч качан унутпайт. Мындан аркы карьерасына ийгиликтерди гана каалайм", - деп билдирген клубдун президенти Нассер Аль-Хелайфи.

Германиялык машыктыруучу "ПСЖ" клубун 2018-жылдын жай айларынан бери машыктырып келет. Бул аралыкта ал 2 жолу Франциянын футбол боюнча чемпиондугун жеңип алган. Мындан сырткары, "ПСЖ" клубу Тухелдин кол астында Чемпиондор Лигасынын финалына чейин жетип барган.

Айрым маалымат булактары, Тухелдин ордун "Тоттенхем" клубунун мурдагы машыктыруучусу Маурисио Почеттино ээлерин жазышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: