super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын президенти кызматына талапкерлердин кезектеги теледебаты өттү (видео)

 
Бүгүн, 29-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаты өтүүдө. Ага Мыктыбек Арстанбек, Рашид Тагаев, Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов жана Эльдар Абакиров катышууда. Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-12-29 21:06

Мыктыбек Арстанбек атаандаштарына төмөнкүдөй суроо узпатты.

"Эмне үчүн мусулманмын деген эл шариат эрежелерин жашоосуна киргизе албайт?".

2020-12-29 21:05

Узатылган суроого Мыктыбек Арстанбек төмөнкүдөй жооп узатты. 

"Бүгүнкү күнгө чейин ыйык аталган пайгамбарлар, ошол убакыттын деңгээлине жарактуу болчу. Ал учур өтүп кетти. Азыр адам ааламдын бир бөлүгү жана азыр жогорку күчтөр аларга мээрим төгөт".

2020-12-29 20:51

"Армиябыз күчтүү болсо миграция азаймак", - деди Арстанбек.

2020-12-29 20:48

"Кыргыз өлкөсү эли менен күчтүү. Биз өз армиябызды жакшы жакка бурган саясат жүргүзүшүбүз керек. Армиябыз мобилдүү жана чакан болушу керек", - деди Рашид Тагаев.

2020-12-29 20:44

"Ар бир өзүн сыйлап урматтаган мамлекет армиясына эң биринчилерден болуп маани берет", - деди Ташов.

2020-12-29 20:40

Алып баруучу тарабынан теледебаттын катышуучуларына өлкөгө армиянын зарылдыгы тууралуу суроо узатылды.

2020-12-29 20:22

"Бул жерде 2 маселе бар. Бири мыйзам,  экинчиси ошол мыйзамдын кепилдигин алган башкаруучу. Ооба, бизде жакшы мыйзамдар бар, бирок  алар иштебей жатат деп айтып жатышат. Алардын иштешин көзөмөлдөгөн адамдарды эл шайлап жатат, алар бирок көзөмөлдөй албай жатат. Маселе эмнеде, жоопкерчиликте.  Жоопкерчилик конкреттүү жазадан пайда болот.  Албетте муну баарыбыз билебиз, бирок баарыбыз эки жүздүүбүзбү, аны айтпайбыз. Өзүбүз токуган мыйзамдар жоопкерчиликти пайда кылбайт. Ошондуктан шариаттагы мыйзамдарды алып киришибиз керек", - деди Мыктыбек Арстанбек.

2020-12-29 20:05

Садыр Жапаров жана Рашид Тагаев дебатка катыша албаганы белгилүү болду.  Алып баруучулардын айтымында, алар аймактардагы жолугушууларына байланыштуу дебатка катыша албастыктары тууралуу билдиришкен.

2020-12-29 20:00

Президенттикке талапкерлердин дебаты башталды.

2020-12-29 00:00

Мыктыбек Арстанбекке алгачкылардан болуп сөз берилди. 


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: