super.kg logo

Арстан Алай: "Дүйнө эли кыргызга карыз"

 

29-декабрда Коомдук телерадио корпорациясында президенттикке талапкерлердин дебаты болуп өттү. Ага Мыктыбек Арстанбек, Эльдар Абакиров, Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) жана Имамидин Ташов катышты. Ал эми Садыр Жапаров жана Рашид Тагаев келген жок.

Талапкерлер алып баруучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берип, андан кийин бири-бирине суроо узатышты.

Арстан Алай өз кезегинде, тышкы карыздан кутулуу жолдору тууралуу кеп козгоду.

"Ар бир мамлекеттин, ар бир улуттун өзүнүн миссиялары бар. Ал миссиялар бузулса ар кандай кырсыктар орун алат. Бул кудайдын эскертүүсү. Жакында Жетим-Тоо боюнча сөз болду. Ааламдан мындай берилет: кыргыз экологияны коргоого алмайынча эч качан экономикасы өнүкпөйт. Кыргыз жергесине 1998-жылдан баштап ааламдан нур төгүлдү. Мына ошол нур төгүлгөн жерди казып, ар кимге сата берсек кыргыз мамлекетинде жоготуу болот. Оору каптайт. Керек болсо мамлекет жоюлуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан биз биринчи орунда экологияны коргоого алышыбыз керек. Садыр Жапаров 5 жылда карыздан куткарам деп айтыптыр. Ал 5 жылда жада калса пенсия бере албай калат. Биз дүйнө элин куткарып, өз миссиябызды аткарган кезде каражаттуу мамлекеттер касиеттүү кыргызды каржылайт.

Сырткы карыз азыр кыргыз элинин башын оорутуп жатат. Мен карызды 1 эле шарт коюп туруп чечип коём. Ааламдан берилген белгиде Америка эли табиятты, Орусия эли адамзатты сактоо үчүн күрөшүш керек деп айтылат. Ааламдан илим түшкөндөн кийин, кудай аны жеткире турган адамды кошо жаратты. Сен жеткирүүчүсүн, сен кудайсын, дүйнөнү сотто, сенин айтканың орундалат деп мени жаратты. Мен өз миссиямды аткарып жатам. Ошондуктан эртең Кытай карызын кечпесе мен ачык айтып эле аларды чыгымга дуушар кылып коём. Сырткы карыздан бизге көйгөй болбойт. Тескерисинче дүйнө эли кыргызга карыз деп айтам. Анткени дүйнө эли кырсыктан жанын сактай албай калат. Аларды кыргыз гана куткарып кала алат. Менин президенттикке баратканымдын себеби кыргыз элин дүйнөгө таанытуу, адамзатты сактап калуу", - деди Арстан Алай.






Арстан Алай: "Дүйнө эли кыргызга карыз"

Автор: Бекболот Сарыбаев
Оператор: Бекболот Сарыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
SUPER.KG видео
30.12.2020. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алжыгандын да эби чени болот да арстан алай сен кыргызды уят кылып буттунго
30.12.2020. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эээ кок мээ менен тонуп калганбы логика кайда ? Емне дегенине озун тушуносунбу андан коро жаканды кармап тообо кыл (АЛЛАXЬ ширктен башка баарын кечирет)
30.12.2020. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өлдүң го дадиң.
30.12.2020. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жепсин го ысыгында
30.12.2020. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул эми мурдун балта кеспеген кепжебес да. Мен ушуну ээрчигендерге ото тан калам, ошолорго боорум ооруйт...
Медиа-портал
30.12.2020. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне учун биз Арстакеме ушу иштерин кылыш учун бир офис ачып бербейби.карыздарды жаба берсе жакшы болот эле.
31.12.2020. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул киши 99 же 101 точно
SUPER.KG видео
31.12.2020. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул адам соо эле адамбы? Психиатрга да текшеруудон отуш керек окшойт
SUPER.KG видео
31.12.2020. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну емнеге талапкерлердин катарына кошушат уятко башка елдер дагы коруп жатса кк бардыгы бизге карыз деп турса:)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: