super.kg logo

Ар бир үйгө газ: "Газпром Кыргызстан" "Ынтымак" жаңы конушун жаратылыш газына кошту

 

«Ынтымак» жаңы конушу 1998-жылы түптөлгөн. Аталган калктуу пункт Бишкек шаарынын Ленин районундагы «Газпром Кыргызстан» компаниясынын келиши менен газдаштырылган алтынчы жаңы конуш болуп саналат.

Мурунку жылдары бул райондо «Ала-Тоо», «Арча-Бешик», «Ак-Ордо», «Ак-Өргө» жаңы конуштары газдаштырылса, 2020-жылы «Киргизия» жаңы конушу газдаштырылды. Бүгүн көптөн күткөн көгүлтүр отун «Ынтымак» жаңы конушуна берилди.

Бул жаңы конушту газдаштыруу иштери «Газпром Кыргызстан» компаниясынын 2020-жылдагы инвестициялык программасына киргизилген. Узап бара жаткан жылдагы көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан компания убада кылган мөөнөткө инвестициялык программаны ишке ашырып жатат – Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 6 калктуу конушта жалпы узундугу 161 чакырымдан жогору газ өткөргүчтөрүн тартып, 35 000 жогору кыргызстандыктарга экологиялык таза отун менен колдонууга шарт түзүп берүүгө жетишти.

Пахтагуль Чыналиева, «Ынтымак» жаңы конушунун кварталдык комитетинин башчысы

«Ынтымак» конушунун түптөлгөнүнө 22 жыл болду. Ушунча убакыттан бери биз жаратылыш газы бизге качан жетет деп күтүп жүрдүк. Күзүндө газ түтүктөрүн тартып баштаганда, жашоочулардын арасынан биринчилерден болуп үйүбүздү газга кошобуз деген чечим кабыл алгам. Конуштун көптөгөн жашоочулары газга кошулуу үчүн кайрылууларын калтырышкан. Турмуш-тиричиликте газды колдонуу өтө ыңгайлуу, мындан ары көмүрдүн чаңы менен дем алуу деген нерсе жоголот жана бош убактың дагы көп болот».

Мурат Сулайманов, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары:

«Биз жаңы конуштарды газдаштыруу боюнча долбоорлорду пландоого өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасайбыз, ал пландарды ишке ашырууда андан да жогору жоопкерчиликтүү мамиле кылабыз. Биз бардык иш-аракетибизди газ менен камсыздоо тутумунун коопсуз жана ишенимдүү иштөө маселесине бурабыз. Компания Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүү үчүн 28 млрд сомдон ашык инвестиция жумшады. Ал каражаттар республиканын газ инфраструктурасын жаңылоого жана өнүктүрүүгө багытталып, жалпы узундугу 875 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармактар курулуп, 38 калктуу пункттар газдаштырылды».


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.12.2020. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак Ордо 3 конушуна киргизсе жакшы болмок
30.12.2020. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kuban-1207, анан окмот уйдун документин беришсе да жакшы болмок
30.12.2020. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Военно-Антоновка айылы, ВОССТко дагы туташтырып коюуну суранабыз

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: