Баткен облусуна 8 кычкылтек концентратору тапшырылды
Кыргыз өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу астында, Баткен облусуна 8 кычкылтек концентратору жана 8 пульсоксиметр тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган агенттиктин Баткен облусундагы өкүлү Абсалам Абдирайимов жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров, концентраторлорду облустун район шаарларынын жетекчилерине тапшырган.
Буга чейин облуста 102 ИВЛ аппараты, 732 даана кычкылтек концентратор аппараты болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















