super.kg logo

SUPER.KG'де СУРАМЖЫЛОО: Өткөн аптада 7-орунда келе жаткан Мыктыбек Арстанбек 3-орунга чыкты

 

10-январь - Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү. Президенттик тактыга 17 талапкер ат салышууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы окурмандардын арасында сурамжылоо жүргүзүүдө. Туура эки апта мурун башталган сурамжылоого жалпы 1027 колдонуучу катышты. 30-декабрга карата Садыр Жапаров алдыда келүүдө. Башкача айтканда, сурамжылоого катышкандардын 52,4 пайызы же 538 колдонуучу Жапаровдун талапкерлигин жактырган.

Ал эми 24,5 пайыз же 252 адамдын колдоосуна ээ болгон Адахан Мадумаров экинчи орунда келе жатат.

4,6 пайыз же 47 добуш алган Мыктыбек Арстанбек 3-орунга чыкты. Ал өткөн аптада 7- орунда келе жаткан.

4 жана 5-орундарда Эльдар Абакиров (3,2 пайыз же 33 добуш) жана "баарына каршы" графасы (2,9 пайыз же 30 добуш) жайгашты. "Баарына каршы" графасы өткөн аптада 3-орунда келе жаткан.

1 добушка ээ болгон Канатбек Исаев жана азырынча добуш ала элек Жеңишбек Байгуттиев сурамжылоонун эң төмөнкү катмарында келе жатышат.

Ал эми президенттикке ат салышуудан баш тартканы белгилүү болгон Рашид Тагаев талапкерлердин тизмесинен четтетилди.

30-декабрга карата сурамжылоонун жыйынтыгы:

Жапаров Садыр Нургожоевич - 52,4% (538);
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич - 24,5% (252);
Арстанбек Мыктыбек - 4,6% (47);
Абакиров Эльдар Курманбекович - 3,2% (33);
Баарына каршы - 2,9% (30);
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич - 2,7% (28);
Ташов Имамидин Асамидинович - 2,7% (28);
Калмаматов Бактыбек Орозалиевич - 1,8% (18);
Жээнбеков Равшан Бабырбекович - 1% (10);
Төлбаев Бабыржан Латиханович - 1% (10);
Касенов Аймен Абдыталипович - 0,9% (9);
Сегизбаев Абдил Кеңешевич - 0,7% (7);
Асанов Курсан Сатарович - 0,6% (6);
Сооронкулова Клара Сыргакбековна - 0,4% (4);
Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич (Арстан Алай) - 0,3% (3);
Иманалиев Каныбек Капашович - 0,3% (3);
Исаев Канатбек Кедейканович - 0,1% (1);
Байгуттиев Жеңишбек Сейтбекович - 0% (0).
Жума сайын сурамжылоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланып турат. Ал эми соңку жыйынтык президенттик шайлоого 1 апта калганда чыгат. Добуш берүүгө катышуу үчүн ушул шилтеме аркылуу өтүңүз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.12.2020. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эл дарбыса эшек кошо дарбыйт болуп... Кой аксагы менен жуз деген туура экен да...
31.12.2020. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Мыктыбек Арстанбек газды бас.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: