super.kg logo

Мектеп программасына жыныстык маданият сабагын киргизүү туурабы? Эльвира Сурабалдиеванын көтөргөн демилгеси боюнча пикирлер

 

30-декабрда вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева мектеп программасына жыныстык маданият сабагын киргизүү керек деген сунушун айтты. "Жаш муун туура маалымат алуусу зарыл. Балдар Интернет тармагына эркин жеткиликтүүлүккө байланыштуу ишенимсиз булактардан ар түрдүү маалыматтарга ээ болушат. Белгилүү чыпкалардын жоктугунан 15 жашар өспүрүмдөр порнографиялык материалдарга жеткиликтүүлүк ала алат. Бул маселени чечүү керек", - деп билдирген Сурабалдиева.

Бул демилгени азыркы тапта социалдык түйүндүн колдонуучулары кызуу талкуулап жатышат. Биринчи жоон топ Сурабалдиеванын пикирин колдогондор болсо, экинчи топ анын пикирине каршы чыккандар. Мындан улам SUPER.KG порталы жарандардын пикирин укту.

Журналист, коомдук ишмер Сымбат Максүтова:

"Буга чейин деле бул маселе айтылып келген. Негизи ойлонуп көрсөк Эльвира Сурабалдиеванын айткан пикиринин негиздүү жактары бар. Себеби ал депутат болуп турган учурда көп жолу кыз-келиндердин зордук-зомбулукка кабылганы тууралуу семинарларга катышып жүрдү, долбоорлордо иштеди. Ошондуктан мен анын демилгесин айласы кеткенден айтты деп ойлойм.

Мурун бир дарыгер ушул демилгени көтөрүп чыкканда азыркыдай социалдык тармак өнүгө элек болчу. Азыр балдар бойго жете электе эле интернеттен баарын көрүп алып жатканы жалган эмес.

Балдар жөн эле сексуалдык сүрөттөрдү көрбөстөн алар порнографияны көрүп жатышат. Ошондуктан Сурабалдиеванын демилгесин мен колдоп, анын программасын максаттуу түзүп чыгыш керек деп эсептейм", - деди Максүтова.

Эл агартуунун отличниги, пенсионер мугалим Ташбү Каразакова:

“Алгачкылардан болуп жыныстык маданиятты окутуудан мурда мектепте адеп, ыйман сабактарын тереңдетип окутуу талапка ылайык. Окуучуларды алгач адептүүлүккө, ыймандуулукка жана тазалыкка окутушубуз керек. Аларды окутпай туруп эле дароо автоматтык түрдө жыныс маданиятын окутуу бул туура эмес. Балким, Европаны тууроо максат болуп жаткандыр, бирок биз кыргызбыз. Кыргыздын каада-салтын, нукура кыргыздын сезимин мектептин окуучусуна жеткиришибиз керек. Алар уят дегенди билиши керек. Илгери биз окуган мезгилде “женсовет” болчу эле.

Ошондо мектептеги алдыңкы эжекелер кирип 9-10-класстын окуучуларына башка, 7-8-класстын окуучуларына башка, 5-6-класска өзүнчө сабак өтчү эле. Муну менен мен министр айымыбыздын сунуштаган пикирине кошула албай турганымды билдиргим келет. Андан көрө үйдө ата-эне кызына, баласына тарбия айтканы туура. Жыныстык маданият дегенде кандайдыр сырдуу аралык болуш керек.

Былтыр музейге аялдардын ич кийимин илип коюшту эле, быйыл жыныстык маданиятты мектепке киргизебиз деп жатышат. Макул аны окуткандан кийин кандай болот экен деп практикалап көрүшсө эмне болот? Бул жол менимче, таза адамды да бузулууга азгыра турган жол болуп калышы мүмкүн. Балдар деген жазыла элек ак барак, ал баракка эмне жазса, ал ошол боюнча калыптанып калат”, - дейт Каразакова.

Журналист, Бактыгүл Султаналиева:

“Кечээ вице-премьер министр Эльвира Сурабалдиева мектептерде 7-8-9 жана 11-класстарга кыздар арасында жыныстык репродукция боюнча курс өтүлүшү керек деген пикирин билдирди. Албетте, бул бир четинен алып караганда туура жана туура эмес деп да айтууга болот. Коомчулук арасында көпчүлүгү жыныстык маданият жөнүндө маалыматтарга ээ эмес, ошол себептен бойдон алдыруулар болуп жатат деген пикирлер бар. Бирок мен ал пикирлерге кошулбайм.

Чынында маселенин өзөгү анда эмес, башкада болуш керек. Мектепке ушундай курстарды киргизип маалымттарды же сабактарды окутуу менен бул нерсе чечилет деп ойлобойм. Эгер ушул жол менен чечилет десек, анда маселе эчак эле чечилип калмак. Себеби бул 10 жыл мурун эле мектепке кирген программа. Мурун мектепте бул тармак боюнча сабактар өтүлүп, дарыгерлер келип кыздарга лекцияларды өтчү. 9-классты мисалга алсак, алар өспүрүм, өткөөл куракта болгондуктан, өтүлгөн сабактар окуучулардын кызыгуусун жараткан учурлар болот. Анда жыныстык каражаттар, катнаш болуп калса сактануунун жолдорун көрсөтүп жатышты. Менимче булар тууралуу айтуу мектеп курагында эрте.

Ошондуктан бул маселени ата-энелер мугалимдер менен биргеликте талкуулап, чечиши керек жана эки тарап тең жоопкерчилик алуусу шарт. Ата-энелер балдары, кыздары менен ачык сүйлөшүп, тарбия-таалим иштерин берип турушса жакшы. Мугалим класстык саат өтүп, бул маселени туура нукка бура алат деп ойлойм. Ошол эле учурда эркек балдарды да тарбиялаш керек. Бул айткандарым менен мен жыныстык маданият боюнча сабактын мектеп программасына киргизилиши маселени чечерине кепилдик эмес дегенди айткым келет”, - дейт Султаналиева.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(23)
01.01.2021. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Тушунгон кишиге туура эле сунуш. Калп эле адалсынган жашоо болуп кетти. Беш маал намаз окуйм дегендер 2 жашар наристени, 13 жашар кызды зордуктап салган мисалдар кун санап осуудо . Эльвира жыныс сабагы эмес, жыныс мадвнияты жонундо соз кылып атат. Тимеле ошо сабакта отуруп алып порно когозгондой ызылдапсынарго. Кыздарга эжейлер, балдарга эркек агайлар ыйман сабагында жыныс мадвниятын тушундурлсо ашыкча болбойт
01.01.2021. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nina.alex,
Молдолордун шариятын угуп журо берсек жаарыбайбыз. Андан коро замандын агымына жараша иш алып баруусу зарыл. Мен туура эле кором. Киргизиш керек.
01.01.2021. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жыныстык маданияты жок эле мектепти бутуп,жакшына уй було куруп,тутун булатып жатыбыз,себеби адеп,тартип катуу болгон.Жыныстык маданиятты киргизбей эле,адеп,ыйман сабагын,элемантарный эле этиканы уйротолу мектептерде,улууну урматтоону,манызы терен кыргызымдын каада салттарын унуттурбай сактап калсак,мына ошондо жыныстык жактан да маданияттуу болосун.
01.01.2021. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
alym21, Экоо эки башка тема.
01.01.2021. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мен колдойм, ошол учун азыр окуучулуар арасындагы аборт аябай кобойуп баратат. Эгер кыздарга же балдарга ыдык корсотушсо кандай жооп берерди билбейсин. Калп эле адалсынып, беш маал намаз менен жамынып зордукчулар кобойуп кетти.
01.01.2021. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жыныс маданияты деп Туркменстанга окшоп кыздардын кыздыгын текшергиле эми. Же таза жүргүлө боюнарда болуп калбасын деп бекер презерватив таркатып бергиле.
01.01.2021. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мен колдойм, киргизиш керек.
01.01.2021. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мисалы мен окуп жүргөндө 7-8-9-10-11 класста сабак өтүлөт эле.Жен совет деген ошондо түшүндүрүү иштери болот эле.Мугалимдер мед айымдар келип маалымат берчү.Азыр кандай билбейм.Мага окууну бүткөнгө 8жыл болду.Мектепте мындай кыздар арасында курс өтүлсө жакшы болмок.
01.01.2021. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы келатып эле ушинтип тескерилей башташат. Ушул акмакчылыкты киргизсе эле оспурум порнография корбой калабы, же зордукчулар маданияттуу зордуктап калабы. Деги эмне максатка жетеерин озу тушунуп атат болду бекен Сурабалдиева
01.01.2021. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мектеп программасына жыныстык программасын киргизгенине каршы элемин ал нерсени арбир эркек баланын кыз баланын ата энеси акыл насаатынын арасында эле түшүндүрүп койсо болот. Андан көрө ыйман сабагын киргизсенер боло жаштарга кайдагы нерсени уйротпой пайдасы тийе турган программаны киргизгиле. Бойго жеткен балдар кыздар өзү эле үйрөнүп алат.
01.01.2021. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Nursul, ошо ата энеси балдарын таштап коюшуп россиялап журуп атышпайбы. Анан кандай тарбия корот баласы, явно бузулат да. Кудайым сактаа балдарыбызга ыйман бер.
01.01.2021. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кимге кандай билбейм бирок мен колдойм.Азыр шартка байланыштуу алыстамын кыздарым тай эне тай атасы менен. Сабак киргизип окуп баштаса таза жургонду кыздар озун сактаганды уйронмок деп ойлойм.
02.01.2021. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ыйман адеп сабагын киргизип динден жакшы тушунук берсенер андай харам жолго барбайт кыздарга жоолук салынганды буйрук бергиле аваратын жаап журсо
Маселе чечилет
02.01.2021. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
vseklu4wemu,ошондой болсо кана эле, кыздарыбыз жмес апалары биз зорго жолук салынып атабыз го. Азыр жолугу жок журо бер деп кайнаталары келиндерине жооп берип койгон. Бир тойдо келини кыска койной, жылан баш бир столдо баласын эмизиип отурат кайнатасынын козунчо. Мына озубуз куноолубуз баарына.
02.01.2021. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vseklu4wemu,2 жаштагы ибрагимди зордуктап койду эле чонатасы. Ал кайсы аваратын жабыш керек эле? ?? Тоок мээдей мээн менен жооп берчи
02.01.2021. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nina.alex,Төө десе бээ дейсин го...
02.01.2021. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жоолук салынса эле андай иштер болбой калат дейсинби?адамдын өзүнөн баары жоок мен ойлойм жаш кыздар жакшынакай кылып чачын өрүп алса ошол жакшы жоолук салчу убакыт да келет азыркы кезде кээ бир 2- 3-класстын жоолуксалынышып алган чон аялды кичирейтип жоолук салып койгондой көрүнүшөт.
02.01.2021. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен каршымын!!!эмне окуучуларга презерватив менен иш кылсаңар боюңарда болбойт деп үйрөткөнү атасыңарбы.баарын бузганы турасыңар силер кайра.ыймын,адеп сабагын үйрөткүлө андан көрө.
02.01.2021. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Киргизиш керек
02.01.2021. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Койгулачы кыргызстанда башка проблемалар толтура андан көрө мектептерге жетиштүү китеп таркатып алгылачы.же болбосо колунда жоок көп балалуу үй бүлөөлөргө кийим менен камсыз кылгыла иш тапай жатсанар.ал эми төшөк маданятына келсек.илгеркидей эле жен совет,муж совет эле киргизиш керек.
02.01.2021. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жогорудагы мугалим эженин сөзүнө кошуламын. Эң туура айтты.
02.01.2021. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жыныс-деген эмне деп окуучуларга суроо берсен ал эмне деп кайра озуно суроо узатат,баары эмес арасында билбегендерда толтура,билгендер андан толтура.Жыныс маданиятын коё туруп,ыйман сабагын дурустап окутуу керек.Адеп сабагы бар бирок программа жетсиз,агада кошумча сабак отуу керек.Эркектерди болок,кыз балдарга болок сабак отуу керек.Жыныс маданияты деп копоол мааниде айтпастан ыйман сабак деп киргизуу керек.Ыйман сабакта коптогон жакшы программаларды киргизиш кк.
02.01.2021. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге ыйман дин сабагын киргизели дейишпейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: