super.kg logo

Белгилүү орусиялык "Дом-2" реалити-шоусу эфирге чыкпай турган болду

 

Белгилүү орусиялык "Дом-2" реалити-шоусу мындан ары эфирге чыкпайт. Бул реалити-шоу өзүн-өзү актабай калгандыктан улам жабылып жатканын "Газпром-медиа" холдингинин башкы директору Александр Жаров орусиялык басылмаларга билдирген.

"Дом-2 долбоору15 жаштан ашты. Албетте, башында өтө популярдуу, жана өнүгүүнүн чокусунда болчу. Бирок, акыркы жылдары өз аудиториясын олуттуу жоготуп баштады. Акыркы эки жылда реалити-шоу пайдасыз болуп, өзүн-өзү актабай калды", - деген Жаров.

Ал бул реалити-шоудан баш тартуу каналдын жетекчилигинин чечими болгондугун баса белгилеген.

"Дом-2" реалити-шоусу 2004-жылы старт алган. Ал
16 жылдан бери реалити-шоу программанын катышуучуларынын бири-бири менен урушуп, мушташкандыгы үчүн бир нече жолу айыпталып келген. Орусиянын коомдук ишмерлери жана депутаттары долбоорду үзгүлтүксүз жабууга аракет кылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: