Кээ бир аймактарда кар жаайт. 1-январь Жаңы жылга карата аба ырайы
Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда, тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда кар жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5;
Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2;
Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;
Нарын жергесинде түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -1…-3 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















