Жаңы жылдык ырым-жырымдар. Уй жылында байлык чакыруу үчүн эмне кылуу керек?

Саналуу мүнөттөрдөн соң жаңы 2021-жылды тосуп алабыз. Буга карата дасторкон даярдалып, балаты кооздолуп, көңүл ачуучу программалар камдалат. А бирок Жаңы жылдык түндө ырым-жырымдарды аткаруу дагы кызыктуу процесстердин бири болуп келет. Алсак, быйылкы 2021-жыл уй жылы. Уй жылында сизге ийгилик, байлык келсин десеңиз, анда төмөндөгүдөй жөрөлгөнү аткарсаңыз болот.
-
Финансы каражаттарын чакыруунун популярдуу ырым-жырымдарынын бири Жаңы жылга саналуу мүнөттөр калганда, түнкү саат 0:00дө шампан куюлган бокалга тыйын салып, шампанскийди калтырбай ичиш керек. Эскертүү! Бокалдын түбүндөгү тыйынды жутуп албаңыз. Саат даана 00:00 болгондо бокалдын түбүндөгү тыйынды алып, капчыгыңызга салып алыш керек. Бул сизге жыл бою байлык алып келүүчү ийгиликтүү тыйыныңыз болушу керек. Андыктан аны капчыктан чыгарбаш керек.
-
Келе жаткан жыл сизге көбүрөөк байлык алып келсин десеңиз, үйдөгү сынган, кетилип калган айнек идиш, күзгүлөрдөн арылышыңыз керек. Үйдүн кире беришине салынган бут килемченин астына тыйын катып койсо дагы ал байлык чакырат деген ырым бар.
-
Жаңы жылдык столго жыл ичинде алган карыздарыңыздан кутулуп отурсаңыз жакшы болот. Болбосо карызы бар адам жаңырган жылда дагы финансылык кыйынчылык тартышы мүмкүн.
-
Уй жылында дасторкондун үстүндө салаттар, жер-жемиштер, балыктан жана тооктон жасалган тамактар көп болгону жакшы. Ошондой эле таттуулар жөнүндө дагы унутпаңыздар.
-
Албетте, ырым-жырымдарга ишенип, ишенбөө ар бир адамдын өзүнүн каалоосу. Ошентсе да ырым-жырымдар адамзат тарыхындагы эң байыркы жөрөлгөлөрдүн бири экенин унутпаңыз. Жаңы жылыңыздар менен!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Kari

31.12.2020. 22:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаны жылыныздар менен.Кут берекелуу жыл болсун
Mubarak

01.01.2021. 02:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Берекени ырыскыны аллахым берет жалгыз алладан сурайбыз
Nursul

01.01.2021. 16:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аракет кыл биз беребиз деген Аллах Таала. Иштеш керек иштесек аракет кылсак эле болот анан байлыкты уйга байлап алган болбойт анда Индияндар баарысы милярдер болуп дүйнөдөгү эң бай коом болот эледа
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.