super.kg logo

Жаңы жылдык ырым-жырымдар. Уй жылында эмнелерди кылууга болбойт?

 

2021-жыл чыгыш гороскобу боюнча уй жылы. Элдик ишеним боюнча уй жылы майлуу-сүттүү, берекелүү, тынч өткөн жылдардан болот. Уй жылында эмнелерди жасоого болбойт? бул боюнча Жаңы жылдык ырым-жырымдарды тизмектеп көрдүк.

  • Жыл ээси кызыл түстү жаман көргөндүктөн Жаңы жылдык дасторкондун өңү кызыл, кызгылт сары болбошу керек. Ак жана күмүш түстөгү дасторкондорду тандаган жакшы.
  • Бул эреже кийимдерге да тиешелүү. Ырым-жырымдарга ишенгендер бир гана Жаңы жылда эмес, жыл ичинде кызыл түстүү кийимдерди көп кийбегенге аракет кылуу керек. Ошондой эле уй жөнөкөйлүктү жакшы көргөндүктөн жасалма таштардан жасалган жасалга буюмдарды тагынуу сунушталбайт
  • Дасторконго уй этинен жасалган тамактар коюлбашы керек. Болбосо жыл ээси таарынып калышы ыктымал деген жоромолдор бар.
  • 2021-жылды тосуп жатканда бирөөгө таарынып, чыр чыгарып, мамилелерди териштирүү сунушталбайт. Болбосо 12 ай бою уруш-талаш, таарынуунун үстүндө жүрүп калышыңыз ыктымал.

Маалымат орус басма сөз булактарынан алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: