Соңку суткада 4 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүүгө каршы ыкчам штаб маалымат таратты.
Жуктуруп алгандардын бирөө Бишкек шаарынын, 2 жаран Чүй облусунун тургуну болсо, 1 жаран Баткен облусунун жашоочусу болгон.
Ал эми бир суткада үй карантининен 9 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 4 миң 118 учур катталган. Алардын ичинен 3 миң 927 медкызматкер сакайганы маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















