super.kg logo

Балаңыз зерикпесин. Балдар үчүн Бишкектеги жаңы жылдык иш-чаралардын программасы

 

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык майрамдарга карата шаардын жаш тургундары үчүн оюн-зоок программасын иштеп чыкты. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы жылдык иш-чаралардын программасы:

4-январда саат 12:00дө "Диалог" маданият үйүнүн кичи залында балдарга арналган тренинг өтөт. Ал эми 5-январь күнү ушул эле маданият үйүнүн кичи залында №2 Балдар искусство мектебинин эстрада аткаруучулары жана вокалисттеринин катышуусунда "Жылдыздар менен ырдайбыз" аттуу концерт болот.

Ошол эле күнү "Жаңы жыл басып баратат" интеллектуалдык викторинасы болору күтүлүүдө.
6-январь күнү саат 12:00дө аталган маданият үйүнүн кичи залында №2 Балдар искусство мектебинин балаты майрамдык кайрымдуулук концерти пландаштырылган.

8-январда саат 12:00дө "Сөз маданияты", "Гитара жана комузда ойноо", "Лего ойноо", "Инстаграмдагы кыялдарга беш кадам" деген аталышта мастер-класстар өтүлөт.

Ал эми 9-январда саат 12:00дө Жаңы жылдык мультфильмдердин негизинде квест болот.

10-январда саат 9:00дө "Жаңы жылдык балатынын алдындагы бала бакча" аттуу жаштар чакырыгы өтөт. Ушул маданият үйүндө 11-январда "Жаштык", "Баарын чогуу ырдайлы" караоке конкурсун өткөрүү пландаштырылууда. 12-январь күнү саат 15:00дө сүрөт тартуу, видео тартуу жана сайма саюу боюнча мастер-класстар өтөт.

Бишкек шаарынын мэриясы балдарга жана жарандарга санитардык эрежелерди сактоону унутпоону суранат. Бет кап кийип, антисептикалык каражаттарды колдонуу менен бирге аралыкты сактоону эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: