"Жаңы жылдык белек". Сутка ичинде өлкөдө 379 бала жарык дүйнөгө келди. Арасында 2 эгиз ымыркай бар
31-декабрь 8:00дөн 1-январь 8:00гө чейин өлкөдө 379 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, алардын арасында 2 эгиз наристелер бар.
"Ымыркыйлардын 207си эркек, 172си кыз. Жалал-Абад облусунда эгиз кыздар, Ысык-Көл облусунда эгиз балдар төрөлдү.
Бишкек шаарында төрөлгөн 67 ымыркайдын 35и эркек, 32си кыз", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















