super.kg logo

Ош шаарында майрамдык салтанатка чыккандар көп болду. Жаңы жыл түнү 32 кылмыш катталды

 

Ош шаарында жаӊы жылды тосуу майрамы тынч өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар аймагында акыркы бир топ жылдарга салыштырмалуу майрамдык салтанатка чыккан элдин саны көп болгон.

"31-декабрь күнү Ош шаарынын аймагында жалпысынан 32 кылмыш жана жорук катталып, алардын 23ү изи сууй электе ачылып, тергөөгө алынды. Калган кылмыштардын көбү жакынкы күндөрү ачылат, тиешелүү маалыматтар бар. Катталган кылмыштардын көпчүлүгү уурулук жана майда бейбаштык. Жаӊы жылды тосуу учуруна байланыштуу кандайдыр бир жаӊжал же кырсыктар, аларга чакыруулар болгон жок.

Ошол эле мезгилде, жаӊы жылды тосуу учурундагы араздашуулар же жаӊжалдар боюнча арыздар бүгүндөн, 1-январдан баштап жарандар тарабынан жазылышы мүмкүн.

Ош шаарынын калкы жана коноктору бүгүн 1-январда жаӊы жылды тосууну негизинен тынч, үй –бүлөсү менен тосууну улантууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусун улантууда", -деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.01.2021. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол учундагы жаны жыл тосуу арам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: