super.kg logo

Шайлоого 9 күн калды. Добуш берүү тартиби кандай өтөт? БШКнын жообу

 

2021-жылдын 10-январында Кыргыз өлкөсүнүн жарандары мамлекет башчысын тандоо менен бирге өлкөнүн башкаруу формасын тандап, добуш беришет. Ал күнү добуш берүүнүн тартиби кандай шартта өтөрүн БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов түшүндүрүп берди.

Анда ал 2021-жылдын 10-январына дайындалган президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосунда добуш берүүнүн жол-жоболору мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзүлөрүн белгилейт.

  • Референдумга добуш берүү үчүн шайлоочуга 2 бюллетень берилет.
  • Шайлоочу келип идентификациядан ийгиликтүү өткөндөн кийин шайлоочуга эки чек чыгарылып берилет.
  • Анын бири президентти шайлоо боюнча бюллетень жана референдумдун катышуучусу катары өзүнчө бюллетень берилет.
  • Бюллетендердин түстөрү эки башка болот. Референдумдун катышуучулары үчүн көк түстөгү бюллетень берилет. Ал эми президентти шайлоо боюнча ак түстөгү бюллетень берилет.
  • Эки шайлоо бюллетенин алгандан кийин добуш берүүчү кабинага кирип президент боюнча өзү тандаган талапкердин тушундагы боштукка тиешелүү белгини коет, аны өзүнчө автоматтык эсептөөчү урнага салат.
  • Ал эми референдумдун катышуучусу катары бюллетенде көрсөтүлгөн үч позициянын бирине добуш берет. Биринчиси, "президенттик башкаруу формасын каалайсызбы" экинчиси, "парламенттик башкаруу формасын каалайсызбы" үчүнчүсү, "бардык варианттарга каршы" деген позиция.
  • Добуш берүүчү бош квадратка тиешелүү белгисин койгондон кийин бюллетенин атайын референдум үчүн коюлган автоматтык урнага салат.
  • Эгерде референдумдун катышуучусу бош квадраттардын бирине да белги койбой калса же бирден көп белги коюлуп калса, ал бюллетень жараксыз деп эсептелинип калат. Андыктан сөзсүз түрдө бир бош квадратка белги коюлушу шарт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.01.2021. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ким канча бабло берет экен, ким көбүрөөк төлөсө ошого шайлайбыз дегендер эми билинбей чектен чыга башташат экен да, публика үчүн Садыр же башка бирөөнү тандайт дагы, а в реале ким көп берсе ошого го добушту саткандар, это у нас уже традиция, ачык айтканым үчүн дизди бассанар түшүнөм.
01.01.2021. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
nazarnew,Садыр бабло берип жатат, мисалы мага бир гана Садырдан бабло сунушташты
02.01.2021. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nargiz-sa,Кандай бактылуусун.Садыр акча сунуштаса.8 кундон кийин барып алам деп айттынбы анан?
02.01.2021. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таза отпосо баргын деле келбейт убактынды коротуп буларга кереги жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: