Өлкөдө тирүү малды экспорттоо үчүн бир аптага уруксат берилди
Чет өлкөгө тирүү малды жана айыл чарба продукцияларын экспорттоого коюлган чектөө бир аптага алынды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өкмөттүн 19-ноябрдагы токтомуна ылайык мал жана айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салынганы маалым. Эми Өкмөттүн 2020-жыл, 30-декабрындагы №638 токтомуна жараша мурда кабыл алынган документке өзгөртүүлөр киргизилди. Ага жараша өлкөдөн чыгарууга тыюу салынган продукцияларды 2021-жылдын 8-январына чейин экспорттоого жол ачылганы маалымдалат.
"2020-жылдын 19-ноябрында кабыл алынган токтомдун жардамы менен эт, май, жумуртка сыяктуу биринчи кезекте керектелүүчү азыктардын баасын төмөндөтө алдык. Тыюу салуу боюнча биз бир нече жолугушууларды өткөрдүк. Мурда алынган маалыматтарды дагы бир жолу тактадык. Ишкерлер чет өлкөлүктөр менен мурдатан түзүлгөн келишимдеринин аткарылбай калганын айтышты. Ошондуктан биз аларга бир жумалык коридор ачып бердик. Ал эми жүгөрүнү экспорттоо тыюу салынган товарлардын тизмесинен чыгарылды. Себеби анын көлөмү расмий маалыматтарга караганда 100 эсеге көп экен. Бул нерсени ассоциациянын өкүлдөрү тыюу киргизилгенден кийин билдиришти. Эми алар маалыматтарды жашырбай, ачык көрсөтүш керектигин түшүнүп калышты" - деген министр Тилек Токтогазиев.


Баа томондобой эле тескерисинче осуп жатат го.Текшерген эчиким жок