super.kg logo

Негизги сыры убагында уктоо жана туура тамактануу. Японияда 118 жашка чыккан жаран жеке майрамын белгиледи

 

Япониянын эң узак өмүр сүргөн кары адамы бүгүн, 2-январда 118 жашка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Япониянын эң кары адамы аталган Кейн Танака коронавирус пандемиясына байланыштуу дээрлик өзүнүн жакындары менен жолукпайт. Ал туулган күнүн карыялар үйүнүн кызматкерлери менен өткөргөн.

"Кейн Танака 2020-жылдын сентябрь айында Япониянын тарыхындагы эң кары узак жашаган адамы аталган. Ал 1903-жылы 2-январда туулган. Танака жолдошу менен өзүнүн 4 баласы жана бир баланы асырап чоңойтушкан. Танака узак жашоонун сыры үй-бүлө, үмүт, ден соолук үчүн туура уктоо жана туура тамактануу деп эсептейт. Ал 115 жашында карыялар үйүнө көчүп барган", - деп жазылат маалыматта.

Танаканын 60 жаштагы небересинин айтымында, анын ден соолугу чың жана жашоодон ырахат алып жашайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
02.01.2021. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булардын карылар үйү башкача болсо керек. Биз ойлогондой болбосо керек. Менимче дениз жаныбарларын жеп, дениздин жээгинде жашаган адамдар көп жашаса керек. Умный да келишет го япондор, ошодон болуш керек. Досум мисал үчүн астма оорусу, мен зоб үчүн дениздин жээгине бара албай жүрөбүз 15 жылдан бери.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: