Эльвира Сурабалдиева педофилдердин жүзүн ачыктап, коом алдында ашкере кылууну сунуштап чыкты
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева педофилдердин жүзүн ачыктап, аларды коом алдында ашкере кылууну сунуштап чыкты.
Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү жарыялады.
Анын билдирүүсүнө ылайык, Казакстан колдонуп жаткан педофилдер менен күрөшүү боюнча практика Кыргыз өлкөсүнө да керек.
"Мектептен баштап балдарыбызга элементардык нерселерди, чоочундарды ээрчибегиле, унаасына отурбагыла, такыр сүйлөшпөгүлө, алданбагыла деп үйрөтүүбүз керек экен.
Педофилдер ким экенин чоңдор билбеген учурлар да бар. Интернеттеги порнографияга өспүрүмдөр үчүн чектөө болушу зарыл. Балдардын телефондорун, компьютерлерин акыркы жолу качан текшердиңиздер эле? Кошуна Казакстанда педофилдердин атайын картасы ачылыптыр. Ал жерде бойго жете электерди зордуктагандардын тизмеси, сүрөттөрү менен ачык чыгарылат экен.
Ушундай карталар бизге да керек. Аларды ар бир ата-эненин, жалпы эле эл-журтубуздун назарына чыгарбасак болбой калды. 13 жаштагы кызды бир нече эркек зордуктаганы далилденгенде, айылдаштары тескерисинче ал кыздын өзүн, ата-энесин күнөөлүү кылып салган учурга баарыбыз күбө болдук. Кыргыз өлкөсүндө педофилдердин картасын түзүп, ачыкка чыгуусуна сиздердин ой-пикириңиздер кандай? Аларды аяп, байкуштардын жакындары бар да деп боору ооругандар барбы арабызда?" - деп суроо салган Сурабалдиева.
Белгилей кетсек, сунушталган картада кылмыштардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү, ошондой эле соттолгон педофилдердин жеке маалыматтары көрсөтүлөт.
30-декабрда Эльвира Сурабалдиева мектеп программасына жыныстык маданият сабагын киргизүү керек деген сунушун айтып чыккан. Бул демилгени азыр да социалдык түйүндүн колдонуучулары кызуу талкуулап жатышат.











1 |