Караколдо тартылган сүрөт үчүн Садыр Жапаровго эскертүү берилиши мүмкүн
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров БШКдан Караколдогу шайлоочулар менен жолугушуу учурунда тартылган сүрөт үчүн эскертүү алышы мүмкүн.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, кечээ, 2-январда маселе боюнча атайын жумушчу топ кеңешме өткөргөн.
“Бул маселени жумушчу топ БШКнын отурумуна алып чыга турган болуп чечти. Ал эми жыйынтык отурумда каралат. Жумушчу топтун мүчөлөрү талапкерди шайлоодон четтетүүнү эмес, ага эскертүү бериш керек деген сунуштарын айтып жатышты”, - деди Бекматов.
Буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушуусу учурунда тартылган сүрөт интернет колдонуучуларынын талкуусуна алынганы маалымдалган.
Сүрөттөн бир нече киши кундуз жакалуу ичик, тебетей кийип Садыр Жапаровдун маңдайына тизилип, алардын бири алаканын кенен жайып бата берип жатканын көрүүгө болот.
кошулду

мекенчилерди шайлабады отпой калдыго кошоматчы патхалиндер.
Садыр кырдаалдан пайдаланып кетти. Болбосо 5-6 октябрь окуясы болбогондо Садыр турмодо нарда ойноп жатмак
А дейбиз бу дейбиз.буга чейин бироо да жыргаткан эмес.ТВда стул минип эле сайрап атышкан.Садыр болсо эл мн журот.кандидаттар да сайрап атышат.биз Садырдын фанаты эмеспиз!!!биз болгону жакшы президент болобу ушу деп умутубузду артып атабыз.ыймандай сырым..