super.kg logo

Ак-Талаа районундагы Ала-Буга дарыясына түшүп кеткен жарандын сөөгү табыла элек

 

Ак-Талаа районундагы Ала-Буга дарыясына түшүп кеткен адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 27-декабрь күнү Ак-Талаа районунун Үгүт айылынын батыш тарабындагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын Жылуу-Суу участогундагы, балык уулоого барган Баетов айылынын 1993-жылы туулган тургуну кокустуктан сууга түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куркаруучулары, жакындары жана достору муздарды талкалап, узун зымдарды сууга салып издешкен.

"Суунун агымы катуу болгондуктан суучулдарга сууга түшүүгө мүмкүн эмес. Суунун жээгинин муздактыгы -25-30 градусту түзөт. Жеринде күн сайын ӨКМнын Ак-Талаа бөлүмүнүн жооптуу офицери, куткаруучулар жана жакын адамдары, достору менен издөө иштери токтоосуз улантылып келүүдө.

1-январь күнү Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Жылуу-Суу участкасынын өйдө жагынан болжолдуу 200 метр аралыктан суунун нугун буруу иштери ДЭУ мекемесинин эксковатору менен суу жарым жартылай бурулду. Дарыяны көпүрөдөн суунун агымы менен жээктеп 15 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлдү", - дешти мекемеден.

Издөө иштерине ӨКМнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 1 офицер жана 6 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБнөн 5 офицер 9 куткаруучу (баардыгы 6 офицер, 15 куткаруучу) жана жакындарынан 30 адам тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.01.2021. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым айттырбай келген бөөдө кырсыктан сактасын өлсөк дагын жеңил өлөйлү мындай кырдаалда өтө кыйын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: