Бир үй-бүлөдөн 4 адам түндөн чыкпай калды. Иске ууланган балдар эгиздер болгон

Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылында көмүр исине ууланып каза болгон келиндин 3 баласынын экөө эгиздер болгон. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка караганда, 30 жаштагы А.О. аттуу келиндин иске ууланып каза болгон 3 баласынын экөө 4 жаштагы эгиз балдар болгон. Келин кайнене, кайнатасы менен чогуу турган. Ал эми улуу баласы 9 жашта болгону белгилүү болду.
“Келиндин кайнене, кайнаталары бир короодо башка үйүндө болушкан. Эртең менен келини балдары менен жаткан бөлмөнү ачышканда, ушундай окуя болгонуна күбө болушуптур. Келиндин кайнатасы аларды ооруканага алып барганда кеч болуп калган. Маркум келиндин жолдошу 2-3 жылдан бери Орусияда иштечү экен", - деди маалымат катчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
rola

03.01.2021. 16:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тооба кылдык.Жаман иш болуптур.Айттырбай келген кырсыктан Кудай озу сактасын.
Omyke

04.01.2021. 00:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах Сабыр берсин жакындарына
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.