Чек арадан мыйзамсыз автоунаа өткөрүүгө аракет кылган эки тажик жараны кармалды
Баткен облусундагы Кыргызстандын чек арасынан жасалма мамлекеттик номурдагы Land Rover үлгүдөгү унааны өткөрүүгө аракет кылган эки Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрь күнү чек ара кызматы маалымдады. Документтерин текшерүү учурунда кармалган тажик жарандары автоунааны Беларусь өлкөсүнөн сатып алып, Кыргызстандын аймагында жасалма кыргызстандык мамлекеттик номур менен жүргөнү аныкталды. Учурда кармалган жарандар УКМКнын Баткен облусундагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.