Баткен облусуна жаңы 4 "Тез жардам" унаасы берилди







Баткен облусундагы ооруканага жаңы төрт "Тез жардам" унаасы берилди. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов Баткен облусунун Исфана шаарына, Лейлек районунун Кулунду, Самаркандек, Кадамжай районунун Үч-Коргон жалпы дарыгерлер борборуна жаңы 4 "Тез жардам" унаасы тапшырылды. Бул атайын унааларда бейтапка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн. Жасалма дем алдыруучу ИВЛ аппараты да орнотулган.
"Белгилей кетсек облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эсебинде, жалпы 44 "Тез жардам" унаасы бар. Анын 8и 2020-жылы мамлекет тарабынан берилсе, 9у демөөрчүлөр жана эл тарабынан берилген", - деп билдирет маалыматта.

