super.kg logo

Кыргызстан профсоюздар федерациясында мушташ болуп, 5 адам сабалды

 

Бүгүн, 4-январда Кыргызстан профсоюздар федерациясында мушташ болуп, 5 адам сабалды. Мындай маалыматты аталган федерациянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Бирок толук маалыматты кийинчерээк берилерин билдиришти.

Ал эми буга чейин айрым жергиликтүү басылмалардын жазган маалыматына ылайык, топтошкон жигиттер менен аялдардын жоон тобу кызматкерлерге кол салышкан. Сабалгандардын катарында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жаңы шайланган төрагасы Сагын Бозгунбаевдин да бар экени айтылат.

"25-декабрда аталган федерациянын мурунку төрагасы Мирбек Асанакунов "Ала-Тоо" ресторанына 400 адамды атайын өкүлдөр деп чогулткан. Бирок акыры ал, алар профсоюздун катардагы мүчөлөрү экендигин моюнга алган. Негизи ал жерге атайын өкүлдөр барып төраганы шайлашы керек болчу. Ошол күндөн баштап Мирбек Асанакунов имаратты ээлеп, аялдардын тобу менен биргеликте ишке тоскоол болуп жатканы айтылат.

Буга чейин 25-декабрда маалымат жыйында Сагынбек Бозгунбаев жаңы башчы болуп келгени жарыяланган. Экинчи тарап кезексиз курултайда 400 өкүл Мирбек Асанакуновду Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы кылып шайлады деген жообун беришкен", - деп жазылат маалыматтарда.

Аталган мушташтын түз алып көрсөткөн видеосу социалдык тармактарга жарыяланып, анда Сагын Бозгунбаев "Мен бүгүн сьезддин чечими боюнча саат 8де жумушка чыктым. 30-декабрда келип, Мирбек Асанакуновго кезигип, сүйлөшөлү дегенбиз. Анан бүгүн келсем, кое бербей толтура аялдар жана башка профсоюзга тиешеси жок кишилер деле киргизбей, чаң-тополоң жасашты. Өзүңөр билесиңер мени 25-декабрда шайлашкан. Андан бери келип Мирбекке айткам, чогуу чечели деп. Ошого келсем, жумуш ордума киргизбей койду", деп айткандарын угууга болот.






Кыргызстан профсоюздар федерациясында мушташ болуп, 5 адам сабалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
04.01.2021. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирин өлүп бирин кал
Ушунчалык да кө. Болосунарбы
04.01.2021. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дуйно жузундо биздей маскарапоз мамлекет барбы экен а!Ажаандай болуп кыйкырган аялдардын кыйкырыгы,сойруктугу,качаан тыйылат екен!
04.01.2021. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аял аралашкан жэрде созсуз баш аламан болот...
04.01.2021. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизге профсоюздун кереги жок алар биздин айлыктын эсебинен жашашат бир сом Кыргызстанга пайда алып келбейт. Кыргызстандагы баардык ишканалар уюмга мүчөлүгүн токтотуп койсо булар өздөрү эле жок болушат.
04.01.2021. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буларды жонго сала турган орган жокпу. Экообунтен айдап башканы эле шайлап койбойбу кырылтпай.
04.01.2021. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизи профсоюз эмне иш кылат?
04.01.2021. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
буларды жоюп салуу керек, беспредел өлкө болдук б..д
04.01.2021. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Профсоюз кыргызстанга кандай салым кошушат?Если кереги жок болсо жоюп ташташ керек
04.01.2021. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жоюп эле салгялачы бекер путевканы акчага тааны билишке саткандан башка жумуш кылбайт.бекер акча каптургон да майлуу суттуу жер ошого талашып атышат шерменделер
04.01.2021. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мунун баары ыймандын жоктугунан, аялдарга ал жерде эмне бар кыйкырышып! Уят, уят Кыргызстанда закондуу, тынчтык жолу менен бүткөн эч нерсе жок. Бийлик, байлык үчүн уруш- талаш!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: