super.kg logo

Дебаттын видеосун өчүрүүгө жол берген. БШКнын жумушчу тобу КТРКнын директоруна 5500 сом айып пул салууну сунуштады

 

2-январда, Борбордук шайлоо комиссиясынын үгүт иштери боюнча жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган жумушчу топтун мүчөсү Семетей Аманбеков билдирди.

Анын айтымында, жыйындын негизинде БШКга 3 сунуш берилди. Алардын бири 30-декабрда эфирге чыккан президенттикке талапкерлердин дебатынын видеосу өчүрүлгөнүнө байланыштуу КТРКнын директоруна айып пул салуу, экинчиси өчүрүлгөн видеолорду калыбына келтирүү, үчүнчүсү аталган видеолорду социалдык тармактарга акы төлөнүүчү кызмат аркылуу жайылтуу.

"Жумушчу топтун жыйыны 2-январда өтүп, ага 3 президенттикке талапкер, КТРКнын директорунун орун басары катышты. КТРК тарап дебаттын видеосун өчүрүп салганын техникалык себептерге байланыштырып, бирок толук кандуу түшүндүрүп бере алган жок. Жыйынтыгында жумушчу топ тарабынан дебаттын видеосунун өчүрүлүүсүнө жол бергени үчүн КТРКнын башкы директоруна 5500 сом айып пул салуу, видеону кайрадан калыбына келтирүү жана акы төлөнүүчү кызматтар аркылуу социалдык тармактардан таратууга КТРКнын жетекчилигин милдеттендирүү сунушу БШКга берилди. Акыркы чечимди БШК кабыл алат", - деди Аманбеков.

30-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлер Абдил Сегизбаев, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Курсан Асанов, Жеңишбек Байгуттиев жана Бабыржан Төлбаевдин катышуусундагы теледебат орун алган. Бирок жазылып калган дебатты Ютуб каналдан жана социалдык тармактардан өчүрүлгөнү белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.01.2021. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5500 сом ??????
04.01.2021. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эфирге чыкканбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: