super.kg logo

Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы кыйылып жаткан бактар балдар жана карылар үйүнө берилет

 

Буга чейин коомдук активисттер Сокулук айыл аймагы менен Военно-Авнотовка айыл аймагына чейинки Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун жээгинде бак-дарактардын жолчулар тарабынан кыйылып жатканын айтып, социалдык тармактарга нааразчылыгын билдирип чыгышкан.

Бул боюнча Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү SUPER.KG порталына жооп берди.

"Бишкек – Кара-Балта жолун жасоо Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган. Долбоордун жалпы суммасы 120,8 миллион долларды түзгөн. Мунун ичинен насыя 65 миллион доллар жана грант 35,0 миллион долларды түзөт. Ал эми Өкмөттүн үлүшү катары 20,8 миллион доллар акча каражаты каралган.

Албетте, бактар аргасыздан кыйылып жатат. Жолдун кенен болгону бардык максатка ылайыктуу эмеспи. Ал эми кыйылган бактар атайын түзүлгөн комиссия аркылуу балдар жана карылар үйлөрүнө берилет.

Курулуш иштери 2017-жылы апрель айында башталып, бүтүрүлүшү дефектик актысын кошо алганда 2021-жылдын май-июнь айларына пландалган. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө "Бишкек-Ош" жолунда жүк ташуучулардын жана жүргүнчүлөрдүн көбөйүшү жол жасоого тоскоол болууда", - деп жазылат маалыматта.

Бишкек – Кара-Балта унаа жолунда жалпысынан 567 киши иштеп, анын ичинен 61и Кытай мамлекетинин жарандары болсо, калганы жергиликтүү жарандар. Жол курулуш механизмине 122 техника тартылган. Мунун ичинен 40 жергиликтүү техникалары иштетилүүдө. Калган 82 техника Кытай мамлекетинен алынып келинген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: