super.kg logo
  Саясат  

Абалы оорлошуп ооруканага жеткирилген Турсунбек Акун текшерилип, кайрадан иш бөлмөсүндө ачкачылык кармоону улантууда

 

Бүгүн, 3-октябрда 17 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун ден соолугу начарлап ооруканага жеткирилди. Текшерүүдөн кийин ал кайрадан иш бөлмөсүнө алынып барылганын өзү билдирди. Акун ачкачылык кармоону токтотпой турганын айтууда. Талабы мурунку бойдон: Ал Батукаевдин ишине күнөөлүү аткаминерлерди иштен бошотуу жана парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу.  

Эскерте кетсек, Турсунбек Акун июнь айында депутаттык комиссия тарабынан "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна катыштыгы бар деп табылып, көпчүлүк депутаттардын добушу менен кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган эле.  

Ал эми бүгүн Жогорку Кеңеште Бакыт Аманбаев көпчүлүк депутаттардын добушун алуу менен акыйкатчы болуп шайланды.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: