Сокулукта 18 жаштагы Мээрим Маматова дайынсыз болуп изделүүдө
Чүйдүн Сокулук районунда 18 жаштагы Мээрим Маматова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 2020-жылдын 2-декабрь күнү Ново-Павловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: Бою 170 сантиметр, арык чырай, чачы кара.
Кийип жүргөн кийимдери: Ак түстөгү куртка, кара шым жана кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Кимде-ким сүрөттөгү кыз жөнүндө маалымат билсе, төмөнкү номерлерге чалып коюну милиция кызматкерлери өнүнөт.
Байланыш телефону: 0(312) 60-75-67, 0(558) 86-14-86, 0(709) 35-35-29.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















