super.kg logo

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум боюнча суроолор үчүн колл-борбор иштейт

 

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум боюнча суроолор үчүн колл-борбор иштеп баштады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда жарандар президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз өлкөсүнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) тиешелүү маселелер боюнча 1255 кыска номуру аркылуу чалып, жоопторду, кеңештерди алса болору маалымдалат.

"БШКда колл-борбордун ачылышынын максаты – жарандардын шайлоо процессинин жүрүшү жана добуш берүүгө катышуунун эрежелери, ошондой эле шайлоого жана референдумга катышуусун активдештирүү.

Жарандарга жоопторду БШКнын адистери беришет. Ошондой эле колл-борборго жумушка сырттан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген инсандар, аялдар жана жаштардан өкүлдөр тартылган.

Шайлоонун жүрүшүнө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, ошондой эле жаштардын, аялдардын жана калктын башка аярлуу катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусун колдоо, айрым категориядагы жарандарды шайлоо процесстерине тартуудагы маанилүү элемент болуп эсептелинет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: