Ысык-Ата районунда мыйзамсыз баңгизат сактоо жана таратуу кылмышына шектүү аял кармалды
Ысык-Ата районунда мыйзамсыз баңгизат сактоо жана таратуу кылмышына шектелип 46 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрь күнү Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматтар боюнча, 2-октябрь күнү мыйзамсыз баңгизат сактоого жана таратууга шектүү Будёновка айылынын тургуну, 46 жаштагы П. Сони аттуу аялдын үйүн тинтүү учурунда баңгизат табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган аял ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо экени аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.