ИИМ темир жолдо адамды сактап калам деп эки бутунан ажыраган Тилек Жумабеков боюнча маалымат берди

Буга чейин темир жолдо адамды сактап калам деп эки бутунан ажыраган Тилек Жумабеков эч кимди сактап калган эмес. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Кемин районунун тургуну темир жолдо жалгыз болгон. Бул тууралуу укук коргоо органдары ишти териштирүүдө маалым болгон.
"Окуя 31-декабрь күнү саат 23:24 чамасында Жаңы-Арык-Быстровка жолунда болгон. Анда жабырлануучу жолдо өзү жалгыз болгон. Поезддин машинисти ага сигнал берген. Бул факты кокустуктан болгон жол кырсыгы катары каттоого алынды. Ал эми буга чейин адамды сактап калам деп кырсыкка кабылды деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Буга чейин вице-мэр жабырлануучу тууралуу жазып, коомчулуктан жардам сурап, тактап айтканда ага кан керектиги жазылган болчу. Ошондой эле банктык эсептер ачылган.



1 |