Таластагы тамактануучу жайдан газ баллон жарылып 11 адам жаракат алды
Бүгүн, 4-январда Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы "Шаурма City" тез тамактануучу жайынан газ баллон жарылып, өрт чыкты. ӨКМнын маалыматына ылайык, өрт саат 15:28де чектөөгө алынып, саат 16:52де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
ӨКМнын басма сөз кызматынан өрттүн кесепетинен 11 адам ар кандай даражадагы күйүк жаракат алышып, Кара-Буура райондук ооруканасына "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилди. Анын төртөө оор абалда экени айтылды. Өрттү өчүрүүгө бир өрт өчүрүү бөлүм тартылган.
Таластагы Кызыл-Адыр айылында тамактануучу жайда газ баллон жарылды 1
Таластагы Кызыл-Адыр айылында тамактануучу жайда газ баллон жарылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:37
2025-08-09
17:17
2025-08-08

17:14
2025-08-08
17:30
2025-08-07

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.