super.kg logo
  Саясат  

Соттор кеңеши: 2 судья "ата журтчу" депутаттарды актаганы үчүн эмес, соттук процессте эреже бузгандыктан иштен айдалды

 

Бишкек шаардык сотунун судьялары  Курманкул Зулушев менен Медер Сатиев "ата журтчу" депутаттарды актаганы үчүн эмес, соттук процессте эреже бузгандыгы үчүн иштен айдалды. Муну 3-октябрда КРнын Соттор кеңеши маалымдады.  

Соттор кеңеши 2013-жылдын 27-сентябрында КРнын Конституциялык мыйзамынын 26-28-29-беренелерине ылайык, Зулушев менен Сатиевди жумушунан бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Депутаттардын иши боюнча Соттор кеңеши кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүп, процессуалдык нормаларды аткарууда мыйзам бузуулар болгонун аныктаган. "2013-жылдын 17-июнунда апелляциялык инстанциянын соттук жыйынында аталган судьялар мурунку депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин 2013-жылдын 24-июнуна жылдыруу чечимин кабыл алышкан. Бирок соттук процесстеги катышуучулардын басмырлоосунан кийин ишти кароону улантып, актоо чечимин чыгарышкан. Текшерүүлөрдө, соттор  чечимди макулдашуучу бөлмөдө компьютер жоктугунан улам колдо жазышкан жана 5 күн аралыгында чечимдин компьютерде жазылган кошумчалары жана өзгөртүүлөрү бар тексти чыкканын, документтерде колдо жазылган чечим көрсөтүлбөй калганы аныкталды. Бул Конституциянын нормаларын бузуу деп эсептелинет. Ушул негизде судьялар кызматтан алынды",- деп билдирет Соттор кеңеши.  

 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: