2020-жылы шаардыктар 11 миллион сомдон ашык чыгымды чапчыган мыйзам бузушкан

2020-жылы "Бузуулар жөнүндө" кодекси боюнча 11 миллион 726 миң 500 сом суммасында 1 миң 446 протокол түзүлгөн. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык,
- Шаардыктарга жана уюмдарга "Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу" боюнча 612 протокол;
- Чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабагандыгы үчүн 353 протокол;
- Белгисиз жерлерде тиричилик жана өндүрүштүк таштандыларды өрттөө боюнча 267 протокол;
- Жол курулмаларын бузуу боюнча – 67 протокол;
- Автоунаа жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу боюнча – 94 протокол;
- Жалпысынан 161 протокол түзүлгөнү маалымдалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.