2020-жылы жарандык коргонуунун 12 миңден ашуун адистери окутулган

Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору тарабынан 2020-жылы 12 миң 277 адам окутулган. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору КР ӨКМнын жарандык коргонуунун жетекчилик курамын, мамлекеттик бийлик органдарынын, уюмдардын, мекемелердин кызмат адамдарын, жергиликтүү калкты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин угуучуларын жана студенттерин өзгөчө кырдаалдагы иш-аракетке даярдоону жана окутууну уюштуруу боюнча ведомстволук бөлүгү болуп санала турганы айтылат.
"Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик мекемелеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабай уюмдардын кызмат адамдарын жана адистерин жарандык коргонуу жаатында даярдоо жана кайра даярдоо, Кыргыз Республикасынын потенциалдуу коркунучу бар аймактарында жашаган калкка көчмө сабактарды өтүү иштерин аткарышат.
Борбор орто окуу жайларынын "Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери" жана жогорку окуу жайларынын "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" курстарынын окутуучуларын, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерин, ошондой эле калкты өзгөчө кырдаалдагы жүрүм-турум эрежелерине жана сактануу ыкмаларына окутат. "Өзгөчө кырдаалдардан коргоо" жана "Өрт коопсуздугу" адистиктери боюнча студенттердин кесиптик билимин өздөштүрүүгө, кызматтык милдеттерин ийгиликтүү аткарууга көмөк көрсөтөт. Окуу борбору тарабынан 2020-жыл ичинде жалпы 12 миң 277 адам окутулду.
Жарандык коргонуу жаатында сабактар өтүлдү: Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерге жана административдик мекемелерге, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына – 1 миң 435 адам; Потенциалдуу коркунучу бар аймактарда жашаган калкка көчмө жана пландан тышкары өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турум боюнча сабактар өтүлдү – 10 миң 842 адам", - деп айтылат маалыматта.

