super.kg logo

Ички иштер министринин орун басары түштүк аймактагы милиция кызматкерлеринин шайлоого даярдыгын текшерди

 

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков түштүк жергесинде жергиликтүү милициянын шайлоо өнөктүгү учурундагы коомдук коопсуздукту сактоо чараларын текшерип, жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен анын биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков кызматтык иш сапары менен Ош шаардык, Ош жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилиги жана өздүк курамы менен жолугушуп, жыйын өткөрдү. Анда президенттик шайлоодо жана шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо маселелерин текшерүүгө алып, аталган маселеге байланыштуу жергиликтүү милиция жетекчилери менен чогулуш өткөрүп, учурдун маанилүү маселелерин талкуулады.

"Шайлоо учурунда Ош шаардык, Ош жана Жалал-Абад облустук милициянын жетекчилик курамына шайлоо тилкелеринде күзөттү күчөтүү жана ар кандай тартип бузуулар боло турган болсо өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чараларды көрүү керектигин да белгилеп, коомдук тартиптин сакталышы боюнча кошумча тапшырмаларды белгиледи", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: