Бишкек шаарынын мэри калааны каптаган кара түтүндүн негизги себептерин айтты
Кара түтүн борбор калаанын негизи көйгөйү бойдон калууда. Анын негизи себептерин Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жергиликтүү маалымат булактарынын бирине маек берип жатып, айтып өттү.
"Экологдордун далилденген илимий чечимдерине таянуу менен биринчи себеби көмүр десек болот. Мындан тышкары Бишкекти каптаган кара түтүндүн келип чыгуу себептерин экиге бөлсөк болот. Биринчиси антропогендик (адамдардын таасири) жана атмосферанын таасири. Антропогендик таасирлерге: жаңы конуштардагы көмүр менен үйлөрдү жылытуу, унаалардан жана ЖЭБде чыккан түтүн. Мында баары чогулуп келип, жогорку атмосфералык басым муну тышка айдап чыкпай кара түтүндү шаарга калпак сыяктуу кийгизип койгон. Муну негизги көйгөй деп билсек болот", - деген шаар мэри Балбак Түлөбаев.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаарды каптаган ыш боюнча пикирин билдирип, калаадагы кара түтүндү быйыл токтотуу мүмкүн эмес экендигин айткан.



1 |