Түркиялык мугалим тарткан Алайкуунун ажайып жаратылышы





















Алайкуу өрөөнү өлкөбүздүн түштүгүндө жайгашкан бийик тоолуу, жаратылышы кооз аймактардын бири катары саналат. Түркиялык мугалим Зафер Динчердин дал ушул Алайкуу өрөөнүнөн тарткан ажайып кооз сүрөттөрү менен бөлүшөбүз.
Зафер Динчер 2004-жылы Кыргыз өлкөсүнө келген. Оштогу лицейлердин биринде физика мугалими болуп эмгектенет. Сүрөтчүлүккө болгон кызыгуусу Кыргыз жергесинин табиятын көргөндөн кийин башталган.
“Кичинемден бери эле сүрөт тартууга кызыгам. Мурун сүрөткө тартчу бир аппаратым бар эле, бирок жакшы тартчу эмес, кийин дагы мыктысын алып тарта баштадым. Менин сүрөткө болгон кызыгуумду Кыргыз мамлекетинин жомоктогудай кооз жерлери, анан түштүктүн өзгөчө меймандос, кең пейил эли арттырды десем да болот. Керемет жерлерди көрүп, сүрөткө тарткандан кадимкидей эргүү алам. Көп аймактарга жергиликтүү элдин чакыруусу менен барып, сый көрүп, сүрөткө дагы тартып келем”, - дейт Зафер Динчер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
6

Комментарийлер(2)
Bekish-

05.01.2021. 15:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кара-Кулжа алайкуум менин
terek-kg

07.01.2021. 05:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атынан кагылайын Алайкуу жергеси кандай гана кооз, керемет.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.