super.kg logo

"Жетим-Тоону" коргоо кыймылынын мүчөлөрү маалымат жыйын берүүдө

 

"Жетим-Тоо" кенине чалгындоо иштери жүргүзүлүп, ал жакта кандай кен байлыктар бар экендиги жалпы коомчулукка жарыялансын. Мындай пикирди "Жетим-Тоону" коргоо кыймылынын жетекчиси Тилекмат Кудайберген уулу маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө аталган кен чыга турган жайды изилдебей туруп, иштетебиз дегендер болуп жатат.
"Биздин уюм бүгүн чечим кабыл алып, аны маалымат жыйында айтып жатабыз. "Жетим-Тоо" кенине чалгындоо иштери жүргүзүлүшү керек, ал жакта башка дагы кендер бар. Ошолорду жалпы коомчулукка ачыктасын. Эгер "Жетим-Тоо" ишке кирсе абдан радикалдуу иш жүргүзөбүз. Биринчи кезекте ачкачылык жарыялайбыз. Ал жерде Кызыл китепке кирген жаныбарлар, өсүмдүктөр, мөңгү да бар. Ал байлыктарды сактап калуу керек. Аталган кенге 50 жылдык мораторий киргизүү талабын көтөрүп жатабыз", - деди "Жетим-Тоону" коргоо кыймылынын жетекчиси Тилекмат Кудайберген уулу.

Буга чейин "Жетим-Тоо" кени темирдин запасынын көлөмү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турары, анда жалпысынан 3 миллиард 344 тонна темирдин запасы бар экендиги кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
05.01.2021. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Садыр Жапаров кумторду кыйратып алсынчы. Убагында Кумторду элге кайтарабыз деп жатпады беле. Азыр эки соз суйлоп, элдин башын айлантып жатат.
05.01.2021. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына садырдын фанаттары,садырынар келип келбей жатып жетим тоого асыла баштады,жетим тоону талкалап кытай ташып кетсе дагы, ДАКАНСА деп садырдын жомогуна ишенип олтура бергиле.
05.01.2021. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жетим тоону кен байлыгын казып сатып карызды кутулуп алыш керек олконун эканомикасын которуш керек силер кандай акмаксынар тушунбогон кытайдын карызын толобосок бекер алып алат анда кеч болуп калат отурасын кул болуп кытайга
05.01.2021. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mina24,эй тушунуктуу акмак,сен сат кытайларга ошол озундукун уктунбу,жетим тоону сатканда,Нарын Эли жайытсыз калат,суусуз калат,Нарын Эли мал менен оокат кылган эл,малына жем суу,сен болуп бересинби,оозуна келгенди оттобочу.кытай карызын раим милион сыяктууларды кустуруп эле толоп койом дебеди беле садыр акан.Садыр экоон кызчу жеринерди кызып кендерге асылбагыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: