super.kg logo

Жалал-Абадда жаңы унаа базар даярдалууда

 
Жалал-Абад шаарында жаңы унаа базар даярдалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, шаардагы Манас көчөсүндөгү 3,5 гектар жер аянты унаа базарына даярдалууда. Учурда жерди тегиздөө иштери жол башкармалыгы тарабынан жүрүүдө. Вице-мэр Элдос Таев иштин жүрүшү менен таанышып келди.
"Муниципалдык жаңы унаа базарын февраль айында ишке берүү пландалууда. Унаалар төрт жактан кирип-чыгат. Мында бардык шарттар түзүлүп, төлөм электрондоштурулган систем менен ишке ашырылат. Каражат шаардык казынага түшүп, бюджетти көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Андан тышкары калаанын негизги көчөлөрүндө орун алып жаткан жол тыгынына бөгөт коюлат", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: