"Жетим-Тоо" иштетилсе "Кумтөрдүн" кейпин кийип калат деп кооптонуп жатабыз" дейт "Жетим-Тоону" коргоо кыймылынын жетекчиси
"Жетим-Тоо" иштетилсе, "Кумтөрдүн" кейпин кийип калат деп кооптонуп жатабыз" деди маалымат жыйын берип жатып "Жетим-Тоону" коргоо кыймылынын жетекчиси Тилекмат Кудайберген уулу.
Анын айтымында, "Жетим-Тоого" геологиялык чалгындоо жүргүзүү керек.
"Буга чейин аталган жай Кытайга сатылып кетти деген имиштер жүрүп жаткан. Бул боюнча айта кетсем, Адыл Жунус уулу 1963-жылы Кытайда туулган. Кыргыз өлкөсүндө окутуучу болуп жүрүп, жарандык алып, бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште депутат. Буга чейин Адыл Жунус уулу кыргыз аба жолдорун Кытайга берели деп эки жолу көтөрүп чыккан. Мындан сырткары пандемия убагында Кытайдан келген жардамды кимге берүү керектигин ушул адам чечип турган. Бүгүнкү күндө Адыл Жунус уулунун кен иштеткен компаниясы бар.
Ибраимов 100 дарегинде жайгашкан 2010-жылы "Ата-Журт" партиясынын штабы болгон. Ал бүгүнкү күндө Садыр Жапаровдун штабы. Ошол мекеме Адыл Жунус уулунун атына катталган. Ошол себептен биз "Жетим-Тоо" жең ичинен сатылып кетти деп кооптонуп, бүгүнкү күндө коргоого алып жатсак, Садыр Жапаров Нарынга үгүт иштери менен барып "Жетим-Тоону" коргойбуз деп кыймыл түзүп алып, жигиттер туура эмес иш кылып жатышат. Биз кризистин сазына батып кетсек "Жетим-Тоонун" кимге кереги бар деп экономикалык сабатсыздыкты көрсөтүп, бүгүнкү күндө бизге акарат келтирип жатат.
"Жетим-Тоо" иштетилсе, "Кумтөрдүн" кейпин кийип калат деп кооптонуп жатабыз. Биздин дагы бир талабыбыз - "Жетим-Тоо" кенине геологиялык чалгындоо жүргүзүлсүн. Андан сырткары коомчулукка талкууга чыксын", - деди кыймылдын жетекчиси Тилекмат Кудайберген уулу.
Эске салсак, буга чейин өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Жетим-Тоо кытайларга сатылып кетти деген кептерди четке кагып, Жетим-Тоодо 3 миллиард 344 тонна темир бар экендигин айткан. Ошондой эле темир кен жайын мамлекет өзү иштетип, бул боюнча улуттук долбоор түзүлөрүн, ал эми башка инвесторлорго лицензия берилбегендигин билдирген болчу.

