super.kg logo

"Кыргызстан сулуусу-2020": "Садыр атам бул сынакка катышканымды билген эмес"

 

Буга чейин 29-декабрда "Кыргызстан сулуусу-2020" сынагы болуп, анда жеңүүчү деп Лазат Нуркожоева табылып, BMW Х5 унаасын утуп алган. Жеңүүчү кыз президенттик кызматка талапкер болуп жаткан Садыр Жапаровдун карындашы экени айтылып, коомдо ар кандай эки ача пикирди жараткан.

Аталган сынактын жеңүүчүсү Садыр Жапаровдун иниси Давлет Жапаровдун кызы.

SUPER.KG порталы Лазат Нуркожоева менен маектешип, көпчүлүккө кызык болуп жаткан суроолорго жооп алды.

- Сыйлыгыңыз кут болсун, Лазат Нуркожоева! Алгач эле өзүңүз жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз.

- Мен 20 жаштамын. Учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында 2-курста окуйм. Келечектеги юристмин. Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында төрөлгөм, орто мектепти Балыкчыда окугам. Ал эми сынакка катышып калуумдун себеби - ар бир эле кыздын кыялы болсо керек, кичинемден эле мен ханыша болом деп кыялданчумун. Ошентип жүрүп 2016-жылы "Бишкек сулуусу" сынагына катышкам, анда моделдердин ТОП-10дугуна кирип, "ТОП модель Бишкек - 2016" наамын алгам. Ошол күндөн тарта мен өзүмө ишенип, конкреттүү түрдө бир сынакка катышып анын жеңүүчүсү болом деп максат койгом. Бирок дал ушул 2020-жылы утуп алам деп ойлогон эмесмин. Ушул учурга дал келип калды окшойт.

- Сиз жеңүүчү болгондон кийин коомчулукта "Садыр Жапаровдун карындашы" деген кептер айтылып, талкуу болуп жатты. Жообуңуз баарына кызык...

- Садыр атам менин бул сынакка катышканымды билген эмес. Бул сынакка кастинг сентябрь айында башталган. Ал учурда баары билгендей эле Садыр атам абакта болчу. Ал октябрь айында чыкты, ал учурда сынактын жарымына жетип калганбыз. Ал мен жеңип алгандан кийин гана билди. Бул жерде мен утам деп деле ойлогон эмесмин. Жогоруда айткандай, жарым финалга келип калгандан кийин катышууну туура көрдүм. Азыр туугандарыбыздын баары сыймыктанып жатышат. Сынак болуп жаткан күнү атам (ред.: Давлет Жапаров) деле көрбөй эле уктап калыптыр, наам аларымды алар деле күткөн эмес.

- Белгилүү болгондой, сиз таэквандо менен дагы алектенет экенсиз. Канча жаштан бери спорт менен машыгып келесиз?

- 3-классымдан бери машыгып келем. Алдыда спорт менен моделдик жаатты дагы алып кетсем дейм. Ошондой эле "Аалам периси" сынагына катышсам деген максатым жана өз кесибим менен дагы иштесем деген пландарым бар. Спорттон сулуулук тармагына кызыгуум аркылуу эле келип калдым десем болот, атайын деле эч кимден сунуш түшкөн эмес.

- Жеңүүчү аталгандагы сезимдериңиз кандай болду?

- Сынак жүрүп жатканда утам деп ойлоп жаттым, аягында 5 кыз калдык, анан четинен кетип отуруп 2 кыз калдык. Мен утат экенмин деп сездим. Анткени атаандаштарыма караганда видео тааныштыруум өзгөчө болду, талантыбызды көрсөтүүгө 3 мүнөт берилген, башкалар бирден таланттарын көрсөтсө мен 3 талантымды көрсөттүм. Таажыны кийгенде жакшы сезимдер болду. Корккон учурлар да болбой койгон жок, сынакта мага эң оор болгону талантты көрсөтүү болду, ошондон коркуп турдум. Мен анда бир эле номерде 3 кийим кийдим, үлгүрүп калсам экен деп кыжаалат болдум. Ал эми подиумда болсо 2016-жылдан бери басып келем, андан сарсанаа деле болгон жокмун.


кошулду





“Кыргызстан сулуусу-2020” сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоева: “Башынан эле жеңем деп ишенгем“

Автор: Медина Найманова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(13)
05.01.2021. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Утканга татыктуу бир жакшына кыз экен. Жаман оюнарда Садыр Жапаров жюри болуп, тандап бергенсибей, ичи тардыкты токтотолу
05.01.2021. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшынакай кыз экен
05.01.2021. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сулуулугунда кеп жок
05.01.2021. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эркеги болобу ургаачысыбы бир жарашкан кийим кийишсе, конулду айлантпай.
05.01.2021. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Молодец карындашым
06.01.2021. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сулуу кыз экен женишке тытыктуу.
06.01.2021. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Садыр атасынын подхалимдери жардам бергендир да .Аалам сулуусу конкурска вице мисс жолдомо алганына караганда.
06.01.2021. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Татынакай сулуу кыз экенсин азаматсын, алдыга койгон максаттарын орундалсын
06.01.2021. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Татыктуу,алдыга койгон максаты орундалсын
06.01.2021. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Кыздар озунорду дайыма сулуу алып жургуло. Кыз киши сырткы келбетине конул болуп, чач жасалгаларын жасап, кое берип, боенуп жургондору жакшы
07.01.2021. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janyl98,уй булоно тануула айткандарынды
06.01.2021. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кысталак оой, не деген негатив пикирлер жазылыптыр. Уялбайт экенсиңер да. Жеңсе ошого дараша таланты бар үчүн жеңди, азамат дештен башка сөз жок. Силердин негативиңерди көрө албастык, ичи тардык деп эле түшүнсө болчудай. Кайсы эле нерсенин башы көрүнсө, как будто аны силер пландап, билип койгондой сүйлөйсүңөр го. Подхалимдери тиги бул деп. Ошентип жүрүп өлгөнбүз да кыргыздар.
06.01.2021. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Как будто Садырдын бул кыздан башка иши жокта ээ азыркы учурда,ал эми бул кыз сынакты баштаганда Садыр камакта болчу экен. Азаматсын ар дайым ийгиликтерди жаратып жүрө бер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: