Кечээтен бери туман болуп Ош аэропортундагы ички жана эл аралык аба каттамдар кармалууда
Коюу туманга байланышту "Ош" эл аралык аэропортундагы ички жана тышкы аба каттамдар кармалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.Белгилүү болгондой, 4-январь күнү саат 18:20дан бери коюу туман кармалып турат. Мындан улам 5-январда аба ырайынын шартына байланыштуу (жакшы көрүнбөгөндүктөн) аба каттамдары кармалууда. Ага ылайык:
- Бишкек-Ош-Бишкек (2 каттам «Тез Жет» авиакомпаниясынын);
- Ош-Бишкек («Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясы);
- Москва-Ош-Москва («Аэрофлот» авиакомпаниясы);
- Москва-Ош-Москва (2 каттам «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын).
"Каттамдар тууралуу маалыматтарды аэропорттордогу сурап-билүү түйүндөрүнөн тактап алууну өтүнөбүз - 0(312) 693109 жана 0(3222) 90101. Авиакомпаниянын өкүлдөрү жүргүнчүлөр менен иш алып барышат.
Түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Коопсуздук бардыгынан жогору турат!", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















