Ош ОИИБи: "Кара-Сууда жашоочуларга шайлоодо Садыр Жапаров өтпөй калса күч колдонулат делген маалымат жалган болуп чыкты"
Кара-Суудагы коркутуу болду делген маалымат боюнча Ош ОИИБинин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 2-январда БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун WhatsApp номерине "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат түшүп, анда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Киров айылында спорттук дене түзүлүштөгү келбеттүү адам үйлөрдү кыдырып, эгер президент кызматына талапкер Садыр Жапаров шайлоодон көпчүлүктөн добуш алып өтпөй турган болсо, физикалык күч колдоно тургандыгын айтып коркутуп жүргөндүгү тууралуу айтылган.
"Аталган маалымат 2020-жылдын 3-январында Кара-Суу РИИБинде каттоого алынып, окуя боюнча тергөө-ыкчам тобу Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагында текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Сарай айыл аймагынын Киров айылынын айыл башчыларын жана жашоочуларынан түшүнүк каттары алынган. Алар өз көрсөтмөлөрүндө Киров айылында эч кандай спорттук дене түзүлүштөгү балдар келишпегенин, президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоодон өтүшү керек, өтпөй калса күч колдонулат деген маалымат жалган экендигин жана айылда эч кандай шайлоо боюнча коркутуп үркүтүүлөр болбогонун билдиришкен.
Ошондуктан "Общее дело" коомдук фондунун өкүлдөрү тергөөгө чакырылып аларга WhatsApp аркылуу чындыкка дал келбеген маалыматты жөнөткөн жарандарды аныктоо боюнча жардам көрсөтүү үчүн суранган. Эч кандай тосмо арыз жазуу боюнча маселе болгон эмес. WhatsApp аркылуу чындыкка дал келбеген маалыматты жөнөткөн белгисиз атуулдарды тактоо иштери улантылууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.

