Өлкөдө үчүнчү чейректен тарта 1 миң 915 мектеп салттуу түрдө окутууну улантат
Өлкөдө кышкы каникулдан соң 1 миң 915 мектеп салттуу түрдө окутууну улантат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өлкөдө кышкы каникулдан кийин 1 миң 915 мектеп салттуу түрдө окутууга камылга көрүүдө. Ал эми Бишкек шаарындагы мектептер шаардык мэриянын уруксаты менен ачылат", - дешти министрликтен.
Өлкөдө билим берүү уюмдарынын негизги окуу планына ылайык, кышкы каникулдар 2020-жылдын 30-декабрынан 2021-жылдын 10-январына чейин созулат. Окуучулар 12 күн эс алышып, 2021-жылдын 11-январы - үчүнчү чейректин алгачкы окуу күнү.
Буга чейин жергиликтүү бийликтин жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматтын уруксаты бар региондогу мектептер акырындык менен кадимки режимде окутууну улантары айтылган болчу.
Эске салсак, 2020-жылы 16-мартта коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу окуучулар, студенттер онлайн режимде окууга өткөн.

