super.kg logo

АКШда жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок бейтаптарды ооруканага алып келбөө сунушталды

 

АКШнын Лос-Анжелес шаарында жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок бейтаптарды ооруканага алып келбөө, ошондой эле кычкылтек берүүнү токтотуу сунушталды. Мындай кадам үнөмдөө максатында жасалууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Тез жардам" кызматына алар кычкылтек берүүчү аппараттарды үнөмдөөсү жана аны бир гана бейтаптарга берүү тууралуу буйрук беришкен.

"Буга чейин бийлик аман калуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок бейтаптарды ооруканаларга алып келбөөгө буйрук берген. Тагыраагы, жүрөгү токтоп калган, дем алуусу кыйла начарлаган, кыймылдоо жана кан басымы жок бейтаптарга жандандыруу аракети көрүлбөй турганы айтылат. Жалпысынан алганда, дарыгерлер бейтаптын жүрөгүнүн согуусу калыбына келгенде гана ооруканага жеткириши керек.

Коронавируска байланыштуу ооруканалар бейтаптарды толук кандуу айыга электе эле чыгарууга аргасыз. Маалыматтарга караганда, аталган шаардын ооруканаларында абал оор. Байкоолорго караганда, жакынкы жумада абал мындан дагы татаалдашы мүмкүн, буга Жаңы жыл күнү коронавирус жуктуруп алгандар себеп болот", - деп айтылат маалыматта.

"Көптөгөн ооруканалар кризистик абалга жетип, бейтаптарды кароого келгенде өтө катаал чечимдерди кабыл алууга аргасыз болушат", - деп билдирген Лос-Анжелес шаарынын саламаттыкты сактоо кызматынын башчысы Кристина Гали.

Анын айтымында ооруканаларга бейтаптардын көп кайрылуусу АКШда ноябрь айында белгиленген "Ыраазычылык күнүнөн кийин" көбөйө баштаган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, АКШда 20 миллион 900 миң адам коронавирус илдетин жуктуруп алган. Бул көрсөткүч күнүнө 196 миң адамга туура келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.01.2021. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Демократия ушул мамалекетке зыян алып келсе кембагалдар садага чабылат, демократия деп койгону тен укуктук дегени эмес СССР жакшы эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: