super.kg logo

"Өспүрүмдү өгөй атасынын апасына алып барышкан деген маалымат калп" дейт министрлик

 

Буга чейин Токмоктогу өгөй атасы тарабынан зордукталды делген 15 жаштагы өспүрүмдү социалдык коргоо кызматкерлери өгөй атасынын апасына алып барышканы тууралуу жактоочу Шердор Абдыкадыров билдирген.

Ал эми бүгүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул маалыматты четке какты.

"Жашы жетпеген өспүрүм өз каалоосу менен жана энесинин макулдугу боюнча кыз убактылуу үй-бүлө тибиндеги үйгө жайгаштырылган. Бирок 2020-жылдын 4-январында кыз өз үйүнө, апасына кеткиси келгендигин билдирген. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 43-беренесине ылайык, 10 жаш куракка толгон балдарды үй-бүлөгө тарбиялоого, камкорчулукка же багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштыруу алардын макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.

Жашы жетпеген өспүрүмдүн биологиялык энесине кайтуу тууралуу каалоосун эске алып, ошондой эле энеси кызына өзү тарбия берүүсү боюнча билдирүүсүнүн негизинде Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы баланы апасы менен бириктирүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бүгүнкү күндө кыз өз үй-бүлөсүндө, үй-бүлө социалдык жана медициналык коштоодо. Ошондой эле Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тергөө иш-чараларында баланын кызыкчылыгын коргоодо. Кыздын айтымында, жашы жетпеген өспүрүмдүн учурдагы абалына жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызыгуусу, ошондой эле башка адамдардын активдүү кийлигишүүсү анын психологиялык абалын бузуп жаткандыгы белгиленди.

Ушуга байланыштуу министрлик жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата ырайымсыз мамиле көрсөтүү боюнча материалдарды чагылдырууда айрыкча сексуалдык зомбулукка кабылган жашы жетпегендер тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана башка адамдардан баланын жана анын үй-бүлөсүнүн психологиялык абалын, ошондой эле келечекте баланын өнүгүшү жана интеграциясы үчүн терс кесепеттерин эске алууну өтүнөт. Бүгүнкү күндө Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө бул факт боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп билдиришти мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:

19-декабрда Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгенин, өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келгенин жактоочу билдирген.

Ал эми бул боюнча Чүй ОИИББи аталган иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.

SUPER.KG порталы кыздын таежеси Гүлзада Сарукевага барганда, ал өгөй атасы кыздын колтугуна сайып тийишкенин, түндө ойготконун көрүп шек санаганын айтып окуя тууралуу баяндап берген болчу.

Кийин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кыз убактылуу таенесине берилерин кабарлаган.

Андан кийин өспүрүм кыз Республикалык психикалык ден соолук борборуна жаткырылып, дарыланып чыкканы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: